Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Куштардын же башка учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Сарайгыр кош канатын серпип, кулунчактан кулунчакка өтөт (Касымбеков). Бадалдан канатын жарк эткизип сагызган учту (Сыдыкбеков). Шайтан көпөлөк канаттарын дирилдетип, эркинче чыгып кете албай аракеттенүүдө (Сыдыкбеков). 2. Самолёттун жерден көтөрүлүп, абада учушуна мүмкүндүк берүүчү, эки капталына орнотулган бөлүгү. Канатына кир жукпай, Ак булутту жиреген (Тоголок Молдо). 3. Боз үйдүн кереге бөлүктөрү. Корчунун он эки канат ак үйү он алты түтүн, коңшусу менен Рыскулбектин айлына канатташ конду (Токомбаев). Алты канат ак ордо, Аркасынан капшырдым («Саринжи-Бөкөй»). 4. өт. Жөлөк, таяныч, өбөк, тирек. Беттеп кирген душманга, Санат болот деди эле, Аман жүрсө Сейтегим, Канат болот деди эле («Сейтек»). Туяктан калган канатым Семетей келсе болбойбу («Семетей»). 5. Зымдан же кендир буласынан эшилип жасалган жоон аркан.